«Өзгөчө жаштар талап кылууда» — УТРК гимнди өзгөртүү зарылдыгы жөнүндө сюжет чыгарды

Мамлекеттик УТРК телеканалы бийликтин гимнди өзгөртүү сунушуна арналган сюжет чыгарды.

Анда тарыхчы Кыяс Молдокасымов гимнди өзгөртүү аркылуу өлкөнүн идеологиясын алмаштырууну туура деп эсептей турганын билдирди. Анын пикиринде, Кыргызстан — «өнүгүп жаткан өлкө», ошондуктан азыр гимндин мазмуну башкача болушу керек.

«Ооба, кезинде биздин гимн мыкты жана уникалдуу болчу. Эгемендик алгандан кийин анын сөздөрү кыргызстандыктарды жаңы жетишкендиктерди багынтууга шыктандырган [...] Бирок азыр кырдаал өзгөрдү [...] Салыштыруу үчүн айтсак, коңшу өлкөнүн гимнинде Жаңы Өзбекстанды куруу жөнүндө ырдалат»,
— деди ал.

Ушуга эле окшош пикирин Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мурдагы жетекчиси Каныбек Осмоналиев да билдирди. Ал лингвистикалык жактан алганда, азыркы гимн үчүнчү жактан ырадалып калган деп эсептейт.

«Эл, өзгөчө жаштар [гимнди өзгөртүүнү] талап кылууда. Өзүн көрсөтүш үчүн: “Мен мекенимди сүйөм, мен — кыргызстандыкмын, менин Ала-Тоом, менин Манасым» деп. Кыргыз элинин руху, Манастын руху жана кылымдардан бери сакталып келе жаткан салттарыбыз колдогон чыныгы гимндүү болушубузду талап кылып жатышат»,
— деди Осмоналиев.

Ал арада эл артисти, Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Муратбек Бегалиев гимн жазылып бүткөндөн кийин анын тексти сөзсүз кыргызстандыктар менен талкууланышы керек экенин белгиледи.

УТРКнын сюжетинде азыркы гимн буга чейин да «бир канча жолу» сынга кабылганы белгиленген. Журналисттер буга мисал катары 2012-жылы «бейкуттук» деген сөздөн улам гимндин экинчи куплетинин алып салынганын айтышты.

Өлкө гимнин өзгөртүү демилгесин парламент төрагасы Нурланбек Шакиев көтөрүп чыккан. Анын пикиринде, гимн өлкө СССРдин курамынан чыккан маалда кабыл алынса, азыр Кыргызстан «толук бутка турган, кадыресе өнүгүү жолуна түшкөн мамлекет».

Андан соң президент Садыр Жапаров жаңы гимнде өлкө эми гана эгемендикке жеткендей эмес, мамлекет катары толук калыптанган эгемендүү өлкө катары ырдалышы керек экенин айткан. 31-октябрда бул демилгени Минкаб төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов да колдоду. Ал азыркы гимн менен «мекенге сүйүүсүн арнап, аны даңазалап, көкүрөк керип ырдоо» мүмкүн болбой жатканын айтты.