Журналист Адыл Акжол уулуна тагылган айып өзгөрдү

Image descriptionУлуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулуна тагылган айып өзгөрдү. Бул тууралуу анын жактоочусу Назик Ажымаматова «Азаттыкка» билдирди.

Маалыматка ылайык, лингвистикалык экспертиза анын сөзүндө массалык башаламандыкка чакырык тапкан эмес. Мындан улам «Массалык башаламандыкка чакыруу» боюнча айып «Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренесине өзгөрдү.

Анын иши Бишкектин Биринчи май райсотуна өттү, баштапкы соттук угуу 19-ноябрга дайындалды. Ошондой эле камактагы мөөнөтү 31-декабрга чейин узарды.