Нурлан Мотуев үй камагына чыгарылды

Image description1-ноябрда Свердлов райондук сотунун судьясы УКМК тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Нурлан Мотуевдин кармалышын мыйзамдуу жана негиздүү деп тапты.

Шаардык соттон Мотуев 29-декабрга чейин үй камагына чыгарылганын билдиришти.

Өткөн аптада экс-депутат, азыркы блогер Нурлан Мотуев соцтүйүндөрдөгү билдирүүсү үчүн кармалган. Ага «Раса, улут, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.