Кемин: Балдар үйүнүн кызматкери 13 жаштагы табиялануучуну сабаган

Image descriptionКемин районунун Орловка айылындагы балдар үйүнүн кызматкери 13 жаштагы тарбиялануучуну сабаган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя 22-октябрда саат 10:00дор чамасында ашканада болгон. Мекеме кызматкери өспүрүм менен сүйлөшүп жатып аны бир нече жолу бетке чапкан.

Жаракаттардын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Милициядан текшерүүнүн жыйынтыгында кызматкердин аракетине юридикалык баа берилерин билдиришти.

24.kg басылмасы өз булактарына таянып, балага кол көтөргөн кызматкер мекеме директорунун күйөөсү экенин билдирди. «Ал эч себепсиз эле өспүрүмдү бир нече жолу бетке чапкан. Жыйынтыгында анын көзү жана бети көгөргөн» , — деп жазды басылма.

Сүрөт: 24.kg