Шакиев: Жаңы гимн коомчулуктун катышуучунда жазылат

Image descriptionБул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 5-ноябрдагы журналисттер менен болгон жолугушууда айтты.

Ал сынга карабай гимнди өзгөртүүнү демилгелеп чыкканын, бул маселе мурда эле айтылып, бирок ачык эч ким айтып чыкпаганын белгиледи.

«Жакынкы аралыкта атайын жыйын өткөрүп, мамлекеттик гимнди өзгөртүү маселесин карайбыз. Жаңы гимн үчүн ачык, таза сынак өткөрөбүз. Каалагандар гимндин текстин жазсын. Башкысы гимнибиз элибизди алдыга сүрөп, өлкөбүздү даңазалап турушу зарыл. Ырдап жаткан ар бир кыргыз жараны эли үчүн, жери үчүн бардыгына даяр экенин сезиши керек», — деди ал.

Шакиев азыркы гимндин текстинде «кемчиликтер бар, сөздөрү көбүнчө үчүнчү жакта айтылат» деп кошумчалады.

Гимнди өзгөртүү демилгесин президент да колдогон. Ал эми УТРК атайын сюжет жарыялап, азыркы гимн «бир нече ирет сынга кабылганын, жаңы гимн жазууну колдоогондор көп экенин» баяндаган.