Евробиримдик Кыргызстандагы инклюзивдүү билим берүү үчүн 7 млн евро бөлдү

Image descriptionЕвробиримдик Кыргызстан мектептериндеги билим берүүнүн сапатын жакшыртууга 7 млн евро бөлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

«[Бул] транш 2023-2026-жылдар аралыгында Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн ЕБ тарабынан бөлүнгөн 27 млн евронун алкагындагы экинчи төлөм болуп эсептелет»,
— деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.

Билим берүү министрлиги ЕБ жынысына, улутуна жана тилине карабастан, бардык балдарды келечектеги жашоого билим берүү аркылуу даярдоого көмөктөшүп жатканын билдирди. Жардам министрликтин технология, инженерия жана математика (STEM) тармагындагы ишин колдоого багытталган.

Мекемеден Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларды ишке ашырууда негизги өнөктөштөрдүн бири болуп эсептелерин белгилешти.