Аймактарда дыйкан жана малчыларды тейлөө борбору ачылды

Image descriptionАйыл чарба министрлиги Ысык-Көлдүн Каракол шаарына, Жалал-Абад облусунун Сузак жана Оштун Кара-Суу райондоруна чарбачылык кылгандар үчүн маалымат борборун ачты.

Ал жерден фермерлер аймактык мекемелердин адистеринен, «Айыл-Банк» жана «Элдик Банктын» өкүлдөрүнөн кеңеш ала алат. Адистер тургундарды жекече кабыл алып, көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшөт.

«Борбордон дыйкан, фермерлер урук жана көчөт тандоону, эмнени өндүрүү, даяр азык-түлүктү кайда сатуу керектигин жана мамлекеттен кандай колдоо көрсөтүлөрү тууралуу маалымат алса болот», — дешти мекемеден.

Буга чейин айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев аталган жайлар калкты тейлөө борбору сыяктуу иштей турганын билдирген. Долбоор эми Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарында да ишке киргизилет.