Акылбек Жапаров министрликтердин имараттары аукционго коюларын айтты

Бул тууралуу Минкабдын төрагасы 7-ноябрда журналисттер менен жолукканда билдирди.

Жапаровдун айтымында, 2025-жылдын жазында Бишкекте «Ынтымак ордонун» маңдайында өкмөт үйүнүн жалпы курамы үчүн имарат курула баштайт.

«Бардык министрликтерди жана ведомстволорду ошол жакка көчүрөбүз. Декабрдан тарта ведомстволордун имараттары аукционго коюлуп, сатылат», — деди Жапров.

Ал Эл чарба жетишкендиктер көргөзмөсүнүн (ВДНХнын) эски имараты бузулуп, ордуна конгресс-холл куруларын айтты. Ал баш калаадагыдай комплекстер бардык облус борборлоруна да куруларын кошумчалады.

Учурда Минкабдын курамында Соцфонд, Кыргызпатент, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттиги, Жарандардын жеке маалыматын коргоо агенттиги менен 23 министрлик бар. Алардын имараттарынын көбү Бишкектин борборунда жайгашып, айрымдары чоң аянтты ээлейт.

Жаңы Ак үй саналган «Ынтымак ордонун» ачылыш аземи быйыл 31-августта болду. Ага Президенттик администрация жана Минкабдын жамааты көчүп барган.