Бул тууралуу «БишкекСмог» жарандык демилгеси кабарлады. Активисттер калаа бийлиги 4-ноябрдагы саммиттен кийин каттамды биротоло токтотуп, элга кабарлабай, «билгизбей» түнү менен зымдарын алып жатканына нааразы.
«Бишкектеги транспорттун абалы жаңы автобустар сатып алганына карабай начарлап барат. Мэрия азыркы кезде шаардагы эң эле экологиялык жактан таза, ыңгайлуу транспорттун түрүнөн, троллейбустан арылууга жандалбас урууда. Мындай аракетине мэр да, анын кол алдындагы жетекчилер да азыркыга чейин логикалык жүйө табыша элек»,
— дешти алар.
Активисттер троллейбустарды каттамга кайтарууну каалаган тургундар көп экенин белгилеп, маселени чечүүнү өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылышты.
«Бийлик элдин кызыкчылгы үчүн иштейт, алардын ою бир аз да болсо мааниге ээ деген үмүттөбүз. Карапайым бишкектиктер митингге чыгууну каалашпайт. Алар иштешет, көп учурда бир нече жумушта, расмий түрдө мамлекетти ойлоп көп өлчөмдөгү салык төлөп иштешет. Анан кызыгы, троллейбуста жүрүшөт. Себеби, ал эң ыңгайлуу, эң арзан жана жөнөкөй транспорттун бири болчу, жана ошол бойдон кала берет»,
— дешти жигердүү тургундар.
Бул боюнча калаа бийлиги азырынча комментарий бере элек. Айрым басылмалар мэриядагы өздүк булактары троллейбус каттамы бироло токтотулганын тастыктаганын жазды.
Бишкекте буга чейин бир нече жолу элдик троллейбус курултайы өткөн. Анда шаар тургундары борбордогу коомдук транспорт көйгөйлөрүн талкуулап, жарандардын атынан троллейбустарды сактап калууну талап кылган резолюция кабыл алышкан.
Май айынын башында Бишкек мэриясы Ош шаарына 100 троллейбус берип, алардын ордуна электр автобустарын алары белгилүү болгон. Жергиликтүү активисттер электробустардын аккумулятор батареяларын экологиялык жактан коопсуз сактоо жана утилдештирүү маселеси жараларын айтып, бул чечимге каршы болууда. 29-августта Бишкек шаардык кеңеши 100 троллейбусту Ош шаарына берүү чечимин жактырган.