Маданият министрлиги Бишкек шаарынын тургуну жазган арыздын негизинде Next TV телеканалын плансыз текшере баштады. Маалыматты «Клоопко» телеканалдын башкы продюсери Дмитрий Ложников ырастады.

Анын айтымында, мекемеге Санжар Адылбек уулу аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал телеканал «нааразылык маанайды» жаратышы мүмкүн болгон «терс, айрым учурларда такталбаган маалыматтарды» таратып жатканын жазган.

«Бул айыптоолор мазмуну жагынан троллдор фабрикалары тарабынан жазылган комментарийлердеги ойлорду эске салууда. Анын ичинде “телеканал жакшы жаңылыктарды терс өңүттө чагылдырып жатат” деген маанидеги билдирүүлөр жөнүндө кеп болууда», — деди Ложников.

Арыздын автору телеканал «Настоящее Время», «Азаттык Медиа», «ПолитКлиника» жана «Т-Медиа» сыяктуу чет өлкөлүк жана «чет өлкөдөн каржыланган» долбоорлордун берүүлөрүн эфирге чыгарып жатканын белгилеген.

Адылбек уулу арызында телеканалдын «Теле жана радиоберүү жөнүндө» мыйзамды бузган-бузбаганын текшерүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, Next TV «берүүлөрдүн 50 пайыздан кем эмес бөлүгү мамлекеттик тилде болушу керек» деген норманы бузуп жатат.

«Маданият министрлиги бир жарым жыл мурун пландык текшерүү жүргүзгөн. Анда контент боюнча эч кандай маселе болгон эмес. Андан бери [мамтилдеги] контенттин үлүшү өсүп гана келет [...] Бул текшерүү — кезектеги каналды жабуу аракети деп божомолдоого укуктуубуз», — деп билдирди Ложников.

Next TV'нын башкы продюсери белгилегендей, эгер Маданият министрлиги мамлекеттик тилдеги берүүлөр боюнча мыйзам бузууларды аныктаса, анда алгачкы жолу телеканалга эскертүү гана бериши мүмкүн.

Ал арада телеканалдын ээси жана оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков соцтүйүндөргө министрликтин бул аракетин «көз карандысыз маалымат каражатына» жана өзүнө каршы уюштурулган кысым катары баалай турганын жазды. Жээнбеков бийлик тарабынан бир нече жылдан бери куугунтукталып келет, ал Кемпир-Абад ишинде да фигурант катары өтүүдө.