ӨКМ Жумгалда жоголгон ата-баланы жумасына эки жолу издей турган болду

Image description13-ноябрда ӨКМ дайынсыз жоголгондорду активдүү издөө иши токтотулуп, куткаруучулар аларды жумасына эки жолу издешерин кабарлады.

16-октябрдан бери мал кайтарганы кеткен 49 жаштагы Болот Карыпбеков менен анын тогуз жашар уулу Бекзат дайынсыз болууда.

Аларды издөө 18-октябрда башталып, эртеси туугандары ӨКМге жардам сурап кайрылышкан. Ата-бала эээрлик бир айдан бери изделүүдө.

Ага куткаруучулар, 30дан 120га чейин киши тартылып, дрондор жана тик учак да жөнөтүлгөн. Ишт ӨКМдин башчысы Бообек Ажикеев жеке көзөмөлүнө алган.