«Социал-Демократтар» партиясынын штабын тинтүүгө алынууда

Image descriptionКүч түзүмдөрүнүн атайын багыттагы кызматкерлери «Социал-Демократтар» партиясынын штабын тинтүүгө келди. Жеринен партиянын мүчөсү Кадыр Атамбаев түз эфирге чыкты.

Текшерүүгө эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Атамбаев видеого тартып жатканда формачан кызматкерлер анын телефонун алып койгон.

Видеодо өзүн тергөөчүмүн деп тааныштырган формачан киши партия мүчөсүнө атайын кагазды көрсөтүп, тинтүү жүргүзүшөрүн айткан. Ал эми экинчи киши ыктыярдуу түрдө макул болбосо, күч менен тинтишерин белгилеген.

ИИМден маалымат даярдап жатышканын белгилеп, бир аздан комментарий берүүнү убадалашты.