Бишкекте күйөөсү бычактаган 27 жаштагы аял ооруканада каза тапты

15-ноябрь эртең менен Бишкектеги ооруканалардын биринде 27 жаштагы аял бычактан алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ Шералиев көчөсүндө жашаган жубайлардын ортосунда чыр чыгып, экөө тең бычактан жаракат алган. Ооруканага аларды туугандары жеткирген. Милициядан чатак «кызганычтан» улам чыкканын айтышты.

«Спутник Кыргызстан» басылмасы жеке булагына таянып, киши аялын 10дон ашык жолу бычактап, кийин өз жанын кыюуга аракет кылганын жазды.

Учурда маркумдун 34 жаштагы күйөөсү жандандыруу бөлүмүндө. Анын палатасын милиция кызматкерлери күзөтүп жатат. Ал эми окуя милицияга каттоого алынып, териштирүү жүрүүдө.

Кыргызстанда кыз-келиндер күйөөсүнүн, бирге жашаган адамынын, мурдагы күйөөсүнүн жана тааныш болуп жүргөн эркек кишинин колунан каза тапкан окуялар жыл сайын ондоп катталат. Эл аралык тажрыйбада бул фемицид деп аталат.

Кыргызстанда соңку 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен каза тапкан. 2024-жылдын биринчи алты айында аялдар зомбулуктан каза болгон тогуз учур катталган. Мындай иштердин бири — Рахима Айкымбаеванын мурдагы күйөөсү тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлүшү.