Бул тууралуу Садыр Жапаров Ош облусундагы Жаңы-Барак айылынын тургундары менен жолугушууда айтты.
Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, өлкө башчы алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоонун маанилүүлүгүнө токтолду. Жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлөрдү көтөрүп, элге кам көрө турган талапкерлерди колдоо зарыл экенин айтты.
«Президент Садыр Жапаров ошондой эле элди добуштарын сатпоого чакырып, мындай аракеттер жакынкы беш жылда өлкөнүн тагдырына таасир этиши мүмкүн экенин белгиледи», — деп айтылат билдирүүдө.
17-ноябрда 264 жергиликтүү кеңештке депутаттарлы шайлоо өтөт. Анын 33ү шаардык, 231и айылдык кеңеш. БШКнын маалыматына ылайык, өлкөдөгү шайлоочулардын жалпы саны 4,1 миллиондон ашат.