Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 1-декабрдан тарта Орусияга кирген чет элдиктер жана ал өлкөнун жараны эмес адамдар биометрикалык маалыматтарын тапшырышы зарыл экенин билдирди.
Кыргыз жарандары Орусияга киргенде Домодедов, Шереметьев, Внуков жана Жуковский эл аралык аэропортторунан, жана Оренбургдагы Маштаков өткөрүү бекетинен биометрикалык маалыматтарын тапшырса болот.
Биометрикалык маалымат катары тургундардын жүзү сүрөткө тартылып, манжа издери сканерленет.
Буга чейин Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орусиядагы кыргыз жарандарын мигранттар тууралуу жаңы мыйзамдар менен жакшылап таанышууга чакырган.
Быйыл күзүндө Орусияда мигранттарга каршы бир катар мыйзамдар кабыл алынган. Арасында полиция кызматкерлерине мигранттарды соттун чечими жок эле депортация кылууга укук берген мыйзам дагы бар.