Бул тууралуу парламенттин Конституциялык мыйзамдар комитетинде «Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр каралып жатканда каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.
Мыйзам долбоорунда депутаттар «ыйгарым укуктарын натыйжалуу аткара алышы үчүн» аларга кызматтык автоунааларды кайтаруу сунушу жазылган.
Дүйшееванын айтымында, мыйзамды ишке ашыруу кошумча унааларды сатып алууну жана айдоочулардын штатын кеңейтүүнү талап кылат. Ал 2025-2026-жылдарга бекитилген республикалык бюджетте мындай чыгымдар үчүн каражат каралбаганын билдирди.
«Конституциянын 86-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңеш мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабыла турган чыгымдарды көбөйтүү каралган мыйзам долбоорлорун Минкаб каржы булагын аныктагандан кийин гана кабыл алат», — деп түшүндүрдү Дүйшеева.
Ал 2021-жылдын аягында Садыр Жапаров мамлекет башчысынын, парламенттин, Минкабдын, президенттик администрациянын жана Жогорку Кеңештин аппаратынын ишин материалдык-техникалык жана каржылык жактан камсыздоо үчүн жооп бере турган бирдиктүү президенттин иш башкармалыгын түзгөнүн кошумчалады.
Жыйынтыгында парламенттик комитеттин мүчөлөрү мыйзам долбоорун четке кагышты.
Документти Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев демилгелеген. Анын айтымында, депутаттар эл жана бийликтин бутактары менен тыгыз иштегендиктен, кызматтык транспортко муктаж.
Азыркы мыйзамдарга ылайык, иш сапарларга баруу үчүн кызматтык транспортту I топтогу майыптыгы бар депутаттар гана колдоно алышат.