«УКМК жетекчилигине кол салууну пландаган» — Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

16-ноябрда УКМК кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү Руслан Дүйшеевди кармашты.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, издөөдө жүргөн Дүйшеев «УКМКнын жетекчилигине кол салууну пландаган».

УКМКдан ал Ысык-Көл облусундагы Бостери айылынын мурдагы «смотрящийи» экенин жана кылмыш чөйрөсүндө Рус Коен же Руслан Бостеринский деген ысым менен белгилүү экенин билдиришти.

Мындан тышкары Дүйшеев буга чейин бир канча жолу оор кылмыштар — талап-тоноо жана адам өлтүрүү үчүн соттолгону кабарланды.

Ал уюшкан кылмыштуу топ түзүү жана анын ишине катышуу айыбы менен УКМКнын тергөө абагына киргизилди.