Баш калаанын тургундары троллейбустарды башка аймактарга берип, аларды электробустарга алмаштыруу жөнүндөгү Бишкек шаардык кеңешинин чечимине каршы сотко кайрылган. Арызды Бишкектин административдик соту карап жатат.
20-ноябрдагы отурумда шаардык кеңеш троллейбустардын тагдыры чечилген жыйындын протоколдорун жана башка бир катар документтерди берүү тууралуу соттун талабын аткарбаганы белгилүү болду. Мындан тышкары шаардык кеңештин депутаттары сот отурумуна да келишкен жок.
Судья муну сотту сыйлабоо жана соттун талабын аткарбоо катары баалап, Бишкек шаардык кеңешине 7 миң сом өлчөмүндө айып салды. Соттон шаардык кеңеш талап кылынган документтерди баары бир бериши керектигин кошумчалашты.
Бул иш боюнча кийинки отурум 11-декабрга белгиленди.
Бермет Бөрүбаева аларга шаардык кеңештин жыйынындагы протоколду алуу маанилүү экенин, анткени ал жабык өткөнүн жана аны «шаардыктардан маалыматты жашыруу катары эсептесе болорун» белгиледи. Активист троллейбустарды башка аймактарга берүү жана шаардагы троллейбус линияларын алдын ала алуу мыйзамсыз болгонун айтууда.
Бишкекте 4-ноябрдан тарта троллейбустар жүрбөй калган.
Май айынын башында Бишкек мэриясы Ош шаарына 100 троллейбус берип, алардын ордуна 120 электр автобус алары белгилүү болгон. Жергиликтүү активисттер электробустардын аккумулятор батареяларын экологиялык жактан коопсуз сактоо жана утилдештирүү маселеси жараларын айтып, бул чечимге каршы болууда.
29-августта Бишкек шаардык кеңеши 100 троллейбусту Ош шаарына берүү чечимин жактырган. Мындан тышкары калаа бийлиги Нарын шаарына алты, Баткен облусуна тогуз троллейбус берген.