Султанбеков Орунбековдун добуш сатып алуу боюнча айткандарына жооп берди

«Социал-демократтар» партиясынын тергөө абагындагы лидери Темирлан Султанбеков президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун добуш сатып алуу тууралуу айткандарына жооп берди.

Ал эч кандай далилсиз камакта отурганын айтып, муну саясий куугунтук катары сыпаттады.

«2021-жылдын апрелинде бир катар партиялар добуш сатып алуу айыбы менен шайлоодон четтетилген, арасында “Эмгек”, “Ак-Бата”, “НДПК” болгон. Айтмакчы, “НДПКнын” лидерлеринин бири Кубанычьек Конгантиев болгон. Дамира Ниязалиевадан тышкары, Шайлообек Атазов, Абдурахманхажи Муртазалиев жана дагы башка көптөгөн адамдар шайлоодон четтетилген. Силер алардын баарын фактылар менен кармагансыңар, бирок бирин дагы түрмөдө кармаган эмессиңер»,
— деди Султанбеков.

Ал Ирина Карамушкина Чолпонбаевге «15 миң сом берген» деген имиштин негизинде гана айып тагылганын белгиледи.

Орунбеков фейсбук барагына Атамбаевдин партиясы буга чейин шаардык кеңешке өтүп, уулу Жогорку Кеңеште депутат экенин белгилеп, партияны өткөрбөй коюуга кызыкдар эмес экенин айткан. Ал партияны четтетүүгө «добуш сатып алуу» фактысы негиз болгонун кошумчалаган.