Ташиев анын атын жамынып пара алууга шектелген мурдагы элчи кармаларын айтты

Image descriptionУКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 20-ноябрдагы маалымат жыйынында мурдагы элчи 250 миң доллар пара алууга шектелип жатканын айтып, аны кармай турганын билдирди.

Ташиевдин айтымында, шектүү мурда анын партиялашы болгон жана пара алууда анын атын жамынып жүргөн.

«Мен бүгүн эртең менен аны камоого тапшырма бердим. Анын үстүнөн арыз, акчаны кантип алганын көрсөткөн материалдар, сүрөттөр келип түштү. Андыктан аны камакка алабыз. Ал бир кезде менин партиямда, мени менен жүрчү. Мен эч кимди аябайм. Ким болбосун»,
— деди Ташиев.

Атайын кызматтын башчысы мыйзам бузгандардын баары, жада калса президент менен өзүнүн жакындары да жоопко тартыларын кошумчалады.