Ноокатта жетекчисинин үстүнөн арызданган милиционер кызматынан алынды

Image descriptionОш Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисине даттанган Тимур Абдисата уулу иштен алынды.

ИИМден мындай чечим комиссиянын корутундусуна ылайык чыгарылганын айтышты. Ал эми Ноокат райондук милицянын жетекчиси Талгат Өскөналиев кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду.

Өскөналиевдин эки орун басары, кадрлар бөлүмүнүн башчысы менен дагы бир кызматкерге ошондой эле чара көрүлдү.

Мындан тышкары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисине, анын үч орун басарына жана бир катар жооптуу кызматкерлерге эскертүү берилди.

Буга чейин Абдисатар уулу жетекчиси Талгат Өскөналиев куугунтуктап жатканын айтып, иштен кетүүсүн талап кылган.

Азаттыктын маалыматына ылайык, Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн ондон ашык кызматкери да Өскөналиевдин үстүнөн арызданган.