Бишкек: гараж ээлери менен мэрия кызматкерлеринин ортосундагы чырга байланыштуу кылмыш иши козголду

Төмөнкү Жал кичи районундагы гараждардын ээлери менен Бишкек мэриясынын кызматкерлеринин ортосундагы чырга байланыштуу «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, азыр ал жерде абал тынч. Гараждарды бузуу иши уланып, укук коргоо кызматкерлери коомдук тартипти сактоодо.

22-ноябрь күнү эртең менен мэриянын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери Псковская 71 дарегиндеги гараж кооперативин бузууга барышкан. Гараж ээлеринин айтымында, мэрия кызматкерлери тиешелүү документтерин көрсөтпөстөн эле техникасы менен келип, аймакты бошотууну талап кылышкан.

Жыйынтыгында тургундар менен башкармалык өкүлдөрүнүн ортосунда чыр чыккан. Мэриянын маалыматына ылайык, гараж ээлери кызматкерлерге «жыты бензинге окшош» суюктук чачып, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматтык унаасы менен техникасына зыян келтиришкен.

Кийинчерээк калаа бийлиги Төмөнкү Жалдагы гараж кооперативи акыры бузулуп жатканын билдирген.