Жалал-Абад: Ташиев үч судья камакка алынганын айтып, жемкорлорго аёо болбойт деп эскертти

Image descriptionУКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук сотунун үч судьясы жемкорлукка айыпталып камалганын билдирди. Бул тууралуу ал 24-ноябрда Сузак райондук милициясынын жаңыланган имаратынын ачылышында сүйлөп жатып айтты.

«Ошол үч сот дагы президенттин, Жогорку соттун судьяларды тандоо кеңешинин алдынан өткөн. Көп жылдан бери кызмат кылып келген. “Таза иштейм” деп президенттин алдында убада беришкен. Аларды жеке кызыкчылыгына берилип кетип, мыйзам бузганы үчүн камадык»,
— деди ал.

Ташиев иш-чаранын катышуучуларына «мыйзам бузуп, мамлекетке зыян келтирип, жемкорлукка аралашкандарга эч кандай аёо болбойт» деп эскертти.

Өткөн жылы президент Садыр Жапаров Кыргызстанда коррупция 90%га жоюлганын айткан. Ал эми Камчыбек Ташиев жемкорлук менен күрөштү улантарын айтып, андан мамлекетке түшкөн киреше 100 миллиард сомдон ашып кеткенин билдирген.