Ташиевге кол салууну көздөгөн деп кармалган шектүүнүн апасы кайрылуу жасады

УКМК төрагасына кол салууну көздөгөн делип кармалган Руслан Дүйшеевдин апасы Ташиевге кайрылып, уулу тууралуу жалган маалымат тарап жатканын билдирди.

Анын айтымында, баласын укук коргоо органдары 16-ноябрда даватта жүргөндө кармап кетишкен.

«Мунун баарын көрүп жүрөгүм ооруп, жаман болуп жатам. Менин балам андай кадамга бара турчу деле бала эмес болчу», — деди ал.

УКМК Токтогул районунда колго түшкөн Руслан Дүйшеев маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү экенин билдирген.

Ошондой эле ал бир нече оор кылмыш жасаганы — талап-тоноо жана адам өлтүрүү үчүн соттолгонун белгилешкен. Ага уюшкан кылмыштуу топ түзүү жана анын ишине катышуу айыбы тагылып, тергөө абагына кыргызилген.