Кыйноолорду алдын алуу борбору Кадамжай психоневрологиялык стационардык мекемесинде адамдар начар шарттарда кармалып жатканын билдирди.
Борбордун кызматкерлери мекемени текшерип, бир нече мыйзам бузууларды аныкташкан — бөлмөлөр талап кылынгандан муздак, тамак-аш жетишсиз болуп чыккан.
«Мекеменин коридорунда абанын температурасы болгону +5°, ал эми уктоочу бөлмөдө +11°, +13°. Ал жердегилер сырткы кийимчен, топучан жүрүүгө мажбур. Ушундай шарттардан улам мекеменин уктоочу матрастары да кир абалда болгон»,
— дешти улуттук борбордон.
Ал эми ашпоздор тамак даярдоо үчүн кампага «20 кг чийки эт алынганын» айтышса, иш жүзүндө 8 кг бышырылган эт гана табылган. Ошондой эле ал жерде санитардык китепче да жок болуп чыккан.
Бул мыйзам бузуулар боюнча Кыйноолорду алдын алуу борбору акт түзүп, чара көрүү үчүн тиешелүү органдарга жөнөттү. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.