Салык кызматы салык алына турган турак жайдын аянтын кыскартууну сунуштап жатат. Бул тууралуу парламенттин бюджет комитетинин 25-ноябрдагы жыйынында айтылды.
Сунушка ылайык, аянты 120 чарчы метрден ашкан турак үйгө ээлик кылган кыргызстандыктар салык төлөй башташы мүмкүн.
Комитет башчысы Данияр Төлөнов Салык кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Умтуловдон мекеме эмне себептен мындай сунуш киргизип жатканын сурады.
Төлөнов азыркы Салык кодекси боюнча аянты 80 чарчы метрден ашкан батирлердин жана 150 чарчы метрден ашкан жеке үйлөрдүн ээлери салык төлөй турганын эске салды.
«Жеңилдиктерди карап жатканда үйлөрдүн көбүнүн орточо аянты 122 чарчы метрди түзөрүн аныктадык. Ошондуктан ушундай демилгени көтөрүп чыктык», — деди Умтулов.
Депутат аткаминер менен макул болбой, эч кандай өзгөртүү киргизбөөгө чакырды.