Депутат Бекешев советтик үйлөрдү бузуудан мурда инфраструктура маселесин чечүү керектигин айтты

Депутат Дастан Бекешев парламенттин 28-ноябрдагы жыйынында Бишкектеги советтик көп кабаттуу үйлөрдү бузуудан мурда алгач инфраструктура маселесин чечүүгө чакырды.

Эл өкүлүнүн айтымында, жакында шаарда канализациялык түтүктөр жарыла башташы мүмкүн, анткени алар өтө эскирген. Ал Бишкектеги бардык суу жана канализация түтүктөрүн алмаштырууга $100 млн талап кылынарын белгиледи.

«Биздин канализациялык түйүндөрүбүз эскирди, жакында жарыла башташы мүмкүн. Мына, жылуулук түйүндөрүнүн түтүктөрү туруштук бере албай жарылып жатат. Таза суунун түтүктөрү да ушундай болушу ыктымал», — деди ал.

Бекешев жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу менен адамдардын саны да кыйла көбөйөрүн кошумчалады. Буга байланыштуу ал шаардык бюджеттен мектептерди, бала бакчаларды жана ооруканаларды курууга каражат бөлүүгө чакырды.

Буга чейин Мамлекеттик курулуш агенттигинин башчысы Нурдан Орунтаев учурда Бишкекте курулуш үчүн жер тилкелери жетишсиз экенин айтып, шаардагы «сталинка» жана «хрущевка» сериясындагы үйлөрдү бузуп, ордуна көп адамга ылайыкташкан жаңы көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландалып жатканын билдирген.

Анын айтымында, Курулуш агенттиги үйлөрдү инвестиция тартып же мамлекеттик бюджеттин эсебинен курууга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Реновация программасы боюнча жер тилкесин сатып алууну каалаган инвестор аны базар баасында алуу үчүн алгач тиешелүү органдарга кайрылышы керек болот. Андан кийин үйдүн жашоочулары менен өз алдынча макулдашат.