Парламент милиция кызматкерлерин видеого тартууга тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Депутаттар парламенттин 28-ноябрдагы жыйынында милиция кызматкерлерин видеого жана сүрөткө тартууга тыюу салган мыйзам долбоорун дээрлик бир добуштан колдошту.

Документтин кабыл алынышын 61 депутат колдоп, жалгыз Дастан Бекешев гана каршы добуш берди.

Документти талкуулоо учурунда демилгечилердин бири Сүйүнбек Өмүрзаков мыйзам долбоорунда укук коргоо кызматкерлерин видеого тартууга тыюу жок экенин билдирди. Анын айтымында, кеп авторлору сүрөттөр менен видеолорду монтаждап, окуянын маанисин бурмалаган учурлар жөнүндө болууда.

Бирок Дастан Бекешев мыйзам долбоорунун өзүндө бул жөнүндө эч нерсе жазылбаганын билдирди. Анын пикиринде, документ так жазылбагандыктан, ал «өтө кооптуу».

«Мен колдой албайм. Камера — жарандардын жалгыз чыныгы куралы», — деди депутат. Өмүрзаков кесиптешин «чагымчылдык менен алектенбөөгө» чакырды.

Буга чейин Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун кайра кароого жөнөткөн болчу.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери жарандар соцтүйүнгө милиционерлердин сүрөт, видеосун алардын «кадырын кетирүү» максатында чыгарып жатат деп эсептейт.

Документте милиция кызматкерлерин видеого же сүрөткө тартып, аны соцтүйүндөргө жарыялагандарга 5 000 сомго чейин айып салуу же бештен жети суткага чейин камакка алуу жазасы каралган.

Мындан тышкары, депутаттар Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренесине толуктоо киргизүүнү сунуштоодо. Анда бийлик өкүлүнө же коомдук тартипти камсыздоо боюнча кызматтык милдетин аткарып жаткан адамга каршылык көрсөткөндөргө 50 миңден 200 миң сомго чейин айып салуу же бештен жети жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда.