Адвокат Самат Матцаков ага «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.
Ал өзүнүн кармалышын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштырып, үйүндөгү тинтүүдөн кийин тергөөчүлөр ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланышы бар төрт дискти алып кетишкенин айтты.
«Бул менин адвокаттык ишмердигиме байланыштуу. “Алдамчылык” менен кылмыш ишин козгоп, бирок Имамидин Ташовдун иши боюнча диктофон жана дисктерди алышты», — деп билдирди ал «Азаттык» радиосуна.
УКМК кызматкерлери адвокат Самат Матцаковду кармап кеткенин буга чейин укук коргоочулар кабарлашкан.
Атайын кызмат азырынча Матцаковдун кармалганы тууралуу маалымат боюнча комментарий бере элек.
Матцаков KG Group курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташовдун адвокаты. Ишкер мурдараак ТИЗО-1де кыйноого кабылганын айтып чыккан. Матцаков ошондой эле журналист Актилек Капаров менен акын Аскат Жетигендин да укуктарын коргоп жатат.