Парламент 5-декабрда «коррупцияга каршы күрөшүү» тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.
Документти 81 депутат колдоду.
Мыйзам долбоорун иштеп чыккан УКМК коррупциялык беренелер менен соттолгондор үчүн жазадан айып төлөп кутулуу мүмкүндүгүн жоюуну, ошондой эле күнөөнү мойнуна алып, келтирилген зыянды төлөп берген күндө да мыйзамда каралган «максималдуу жаза мөөнөтүнүн жарымынан кем эмес убакыт түрмөгө камоону» сунуштап жатат.
Атайын кызмат мындан тышкары коррупция беренелери боюнча күнөөлүү деп табылгандардын бардыгына өмүр бою мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштөөгө, ошондой эле келишимдик негизде аскердик кызматка кирүүгө тыюу салууну көздөп жатат.
Ушундай эле тыюулар коррупция боюнча оор же өтө оор кылмыштар үчүн күнөөлүү деп табылгандардын жакын туугандарына да тиешелүү болот. Алар сот аткаруучу болуп же укук коргоо органдарында да иштей алышпайт.
Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев тамаша иретинде жемкорлордо 31-декабрга чейин «кылмыш жасоого убактысы бар экенин», алар бул мөөнөткө чейин жазадан айып төлөп кутулса болорун, кийинки жылдан баштап абакка камала баштай турганын билдирген.