Акыркы эки жылда 6 миң орусиялык Кыргызстандын жарандыгын алды

Image description2024-жылы 7 миң орусиялык жарандык алуу үчүн арыз берген. Бул тууралуу Калкты каттоо департаментинин башчысы Арсен Миңбаев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Бир жыл мурун 10 миңге жакын арыз түшүп, эки жылда 6 миң адам кыргыз жарандыгын алган.

Жыйында депутат Чыңгыз Ажибаев Лейлек районунда Кыргызстанга келин болуп келип, бирок 20-30 жылдан бери жарандык ала албай жаткандар бар экенин айтып, маселени чечүүгө чакырды.

«Биз тараптан атайын мобилдик группа иштеп чыгарылган, алар толугу менен айыл жерлерине чыгышат. Көп учурда алардын эч кандай документтери жок. Келишим алкагында, чет мамлекеттерге табыштама жөнөтүп жатабыз. Азыркы учурда Кыргызстандын бардык жеринде бул иш жүрүп жатат»,— деди Миңбаев.

Былтыр май айында, «МедиаХаб» басылмасы Украиндагы согуш жагдайына байланыштуу кыргыз жарандыгын алган орустар көбөйгөнүн айткан.