Масалиев: бийлик тарыхый имараттарды бузуп, чоң ката кетирүүдө

Депутат Исхак Масалиев парламенттин 11-декабрдагы жыйынында Минкабдын тарыхый имараттарды бузуп, ордуна жаңы объектилерди куруу чечимин сынга алды.

Эл өкүлүнүн пикиринде, ата-бабалардан калган архитектура эстеликтерин бузуу кадыресе көрүнүшкө айлынды. Ал мындай объектилер мыйзам менен корголгонун, бирок алар коргоодогу имараттардын тизмесинен чыгарылып жатканын белгиледи.

«"Ысык-Көл" мейманканасы менен "Эркин-Тоо" басмаканасынан башталды. Аларды бузуп, жок кылышты. Макул, мейманкананын ордуна жагабы-жакпайбы элге кызмат кыла турган чоң хан-сарай курулду. Бирок анын жанындагы ВДНХны бузуунун кажети жок эле. Азыр ал жерге жыйындар залын курууну көздөп жатышат», — деди Масалиев.

Депутат ошондой эле тарыхый имараттардын сырткы көрүнүшү жөнүндө айтып, эски аянттагы мурдагы Өкмөт үйүн мисал келтирди.

«Канттагы цемент-шифер заводунда даярдалган плитка менен каптап, сырдап коюшту. Мейли, болору болду. Бирок эми жакын жердеги [Жогорку] соттун имаратын да ушундай кылганы жатышат. Эгер аны ошол бойдон калтырсак эмне болот? Ал деген тарых да», — деди депутат.

Масалиев Панфилов атындагы музей 3,8 миң тонна арматура үчүн бузулганын белгилеп, ошол эле маалда Минкаб менен мэрия «Ак-Кула» ат майданы менен Батыш жана Чыгыш автобекеттерин жеке жактарга берип жатканын кошумчалады.

Анын пикиринде, бийлик тарыхый имараттарды бузуу менен чоң ката кетирүүдө. Ал мындай объектилерде туристтик зоналдарды түзүүнү сунуштады.

УКМКнын башчысы жооп катары эски ВДНХнын ордуна бийлик жаңысын кура турганын билдирди. Ал имарат кароосуз калганын айтып, депутатка “андай объектилерди жаңылап койгондун эмнеси жаман?” деген суроо узатты.

«Трибунага чыгып алып аткарылган иштерди эки мүнөт сындап коюш жеңил. Бирок бир имаратты бузуп, ордуна адамдарга пайда алып келе турган башкасын куруу — оор иш», — деди атайын кызматтын башчысы.

Акыркы кездери Бишкек мэриясы шаардын сырткы көрүнүшүн кооздоп турган көркөм эмгектерди, бүтүндөй тарыхый имараттарды жок кылууда. Буга чейин «Кыргызфильмдин» кызматкерлери бийликтин алардын имаратын бузуп, ордуна мамлекеттик ипотекалык турак жайларды куруу планына даттанышкан.