Мындан ары 23-октябрь илбирстердин эл аралык күнү катары белгиленет

Image descriptionМындай чечимди Бириккен улуттар уюму кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, президент сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясында толуу аймактын белгиси болгон илбирсти сактоо керектигин баса белгилеген.

«Бул тарыхый окуя. Борбор Азиядагы кайталангыс табиятты сактоо боюнча Кыргызстандын аракеттеринин глобалдык маанисин ачыктап турат», — деди Алагөзов.

Ошондой эле ал былтыр Жапаров «Ак илбирсти Кыргызстандын улуттук символу деп таануу жөнүндөгү» жарлыкка кол койгонун эске салды.

Ак илбирс 1997-жылы «жок болуу коркунучунда турган жаныбардын түрү» катары Кызыл китепке киргизилген.

Айрым маалыматтарта Кыргызстанда илбирстердин саны 300-350гө жеткени, башка булактарда 400-450 экени айтылып жүрөт.

Эксперттер 2040-жылга чейин дүйнө боюнча илбирстердин саны 10%га азаят деп божомолдошууда. Буга көптөгөн жагдайлар, анын ичинде алар байырлаган чөйрөнүн тарып жатканы да себеп болот.