УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 17-декабрдагы басма сөз жыйынында президенттикке талапкерлигин койбой турганын билдирди.
Ал азыркы президенттин дагы бир мөөнөт иштөөгө укугу бар экенин белгиледи.
«Эки жылдан кийин өтө турган президенттик шайлоодо талапкерлигимди койбойм. Мен толугу менен Садыр Жапаровду колдойм. Андан башка дагы кимди колдойбуз? Бекназаровду же Равшан Жээнбековдубу? Же кайрадан Атамбаевди президент кылалыбы? Биз мунун баарын көрдүк го», — деди Ташиев.
Ал азыркы президент жакшы иштеп жатканын жана аны колдоо керектигин белгиледи.
Конституцияга ылайык, мамлекет башчысы беш жылдан эки мөөнөткө шайланууга укуктуу.
Садыр Жапаров президент болуп 2021-жылы 10-январда шайланып, 28-январда расмий ишке кирген. Анда Конституциянын эски редакциясы күчүндө болчу жана ал президентке мамлекет башчысы кызматында алты жыл иштөөгө мүмкүндүк берчү.
2024-жылы январда Жапаровдун экинчи мөөнөткө баруу ниети бар экени белгилүү болгон.
Кыргызстанда кийинки президенттик шайлоо 2026-жылы өтөт.