Өлкөдө майыптыгы бар балдардын билим алуусуна мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн эмес. Бул тууралуу өзгөчө балдардын ата-энелери демилгелеген топтун өкүлү Айсулуу Айтымбетова 16-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Жыйында депутат Илимбек Кубанычбеков Билим берүү министрлигинен инклюзивдүү программа боюнча канча бала билим алып жатканына кызыкты.
Министрликтин өкүлү 3224 бала мектепке чейинки билим алса, үч миңге жакыны орто мектепте окуп жатканын айтты.
Ал эми Айтымбетова Акыйкатчы институту жана бейөкмөт уюмдардын акыркы изилдөөлөрүнө таянып, майыптыгы барлардын болгону 1%ы жогорку билим алса, жаш балдардын 2%ы гана орто мектепте окуп жатканын белгиледи.
«Мыйзам кабыл алынганына карабастан, баарына бирдей шарт түзүлгөн эмес. Билим берүү министрлиги майыптыгы бар балдар үчүн атайын окуу программасын дагы эле иштеп чыга элек»,
— деп белгиледи ал.
2019-жылдын мартында Кыргызстан БУУнун майыптыгы барлардын укуктары боюнча конвенциясын кабыл алган. Бирок бул тармакта көрүнүктүү өзгөрүүлөр азырынча байкала элек.