ЖАК: Ташовдун абалы канааттандырарлык, ал кайра абакка кайтарылды

Image descriptionЖаза аткаруу кызматы «KG Групп» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов абакта курсагынын оң жак тарабын тилип жибергенин билдирди.

«Камераны тинтүү учурунда мекеменин кызматкерлери дааратканадан айнектин сыныгын табышты. Ташов менен бирге жаткан киши уктап жаткандыктан окуяга күбө болгон эмес»,
— дешти мекемеден.

ЖАКтан Ташовго алгач №1 тергөө абагынын медициналык бөлүмүндө биринчи жардам көрсөтүлгөнүн белгилешти.

«Андан соң тез жардам менен Улуттук хирургия борборуна жеткирилип, керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин кайра ТИЗО-1ге кайтарылды. Азыр абалы канааттандырарлык»,
— дешти мекемеден.

Ага чейин ишкердин адвокаты жана бир тууганы Ташов абакта өзүнө кол салып, ооруканага жеткирилгенин кабарлашкан.