Бишкек шаардык сот Temirov Live жана «Айт Айт Десенин» долбоорунун учурдагы жана мурдагы кызматкерлерине чыкгарган райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.
Тагыраагы долбоор жетекчиси Махабат Тажибек кызы алты жылга, акын Азамат Ишенбеков беш жылга соттолду. Журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык пробациялык көзөмөлгө алынып, калгандары кылмыш курамы жок деген негизде акталды.
Отурумда Махабата Тажибек кызы баласына көз жаш менен «сени таштап кетти деп ойлобо. Биз болгону сен жакшы өлкөдө өмүр сүрүшүң үчүн күрөшүп жатабыз» деп кайрылды.
Ал эми адвокат Ишенбековго негизсиз айып тагылып жатканын айтып, чоң апасынын жагдайына байланыштуу сот жеңилдик кылып, же бошотушу керек экенин билдирди.
Ишенбеков «мени көрбөсө, мен чыкпасам да, үнүмдү уксун» деп чоң апасына арнап ыр окуду.
Бул иш боюнча эксперттердин бири оруп калганын айтып, калгандары белгисиз жагдайлар менен сот отурумуна келген жок.