Бишкектен Сокулукка чейин жаңы автобус каттамы ишке кирди

Бишкек шаардык мэриясы Бишкек-Сокулук (Сары-Өзөн) багыты боюнча №32 автобус каттамын ишке киргизди.

Жалпысынан бул каттамда 25 автобус 10-14 мүнөттүк аралык менен каттайт. Автобустардын акыркы токтоочу аялдамасы— «Ак-Куу» тоок фабрикасы.

Жол кире акысы Сокулукка чейин 35 сом. Ал эми шаар ичинде 20 сом.

Мэриянын маалыматы боюнча, бул каттамдагы автобустар келечекте жаңы Isuzu маркасындагы автобустарга алмаштырылат. Алардын айтымында, алмаштыруу бажы жана каттоо процедураларынан кийин ишке ашат.

«Сокулук-Бишкек багыты боюнча туруктуу каттам ачылгандыктан, убактылуу иштеп жаткан № 19 автобус каттамы ишин токтот», — деп кошумчалашты мэриядан.

Октябрдын аягында Сокулук жана анын тегерегиндеги шаарлардын тургундары коомдук транспорт каттамдарындагы өзгөрүүлөрдөн улам олуттуу көйгөйлөргө дуушар болушкан. Бишкек шаарынын бийлиги эми Чүй облусунун бардык жашоочулары жаңы шаар четиндеги автовокзал аркылуу кирип-чыгышы керек деп чечкен. Бийлик ойлоп тапкан бул жаңы жай Бишкектен Сокулукка баруу убактысын болжол менен 1,5 саатка узарткан.

«Клооптун» журналисттери Бишкектен Сокулукка жол тыгыны эң көп болгон маалда барып, жол кандай көрүнөрүн байкап көрдү. Жолдун узак жана ыңгайсыз экени аныкталды — кырдаалды түгөнбөгөн тыгындар жана элге толгон автобустар ого бетер оорлотууда.