Жарандар 1-январдан тарта бензиндин ар бир литрине бир сомдон кошумча төлөй баштайт

Минкаб «Автоунаа жолдорун оңдоого, тейлөөгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдарды алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтом кабыл алды.

Буга чейин президент кол койгон «Жол фонду жөнүндө» мыйзам 1-январда күчүнө кирет. Аны Жогорку Кеңеш 20-ноябрда кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, эми күйүүчү майдын ар бир литри үчүн 1 сомдон кошумча жыйым алына баштайт — ал Транспорт министрлигинин алдындагы Жол фондуна түшөт.

Минкабдан жыйымдарды бензин жана дизель отунун импорттоочулар менен өндүрүүчүлөр төлөй турганын белгилешти.

«Жыйымдардан түшкөн каражат автоунаа жолдорун оңдоого, тейлөөгө, курууга жана реконструкциялоого гана пайдаланылат», — деп жазылган Минкабдын билдирүүсүндө.

Документтин демилгечилеринин маалыматына ылайык, азыр жылына жолдорду коопсуз абалда кармап туруу үчүн талап кылынган 10 млрд сомдун ордуна мамлекеттик бюджеттен 2 млрд гана сом бөлүнөт. Бөлө келгенде бул жолдун ар бир чакырымына 100 сомдон гана туура келет. Демилгечилер жолдорду талаптагыдай кармап туруу үчүн бул «өтө эле аз» экенин белгилеп жатышат.