Жаза аткаруу кызматы абактагылар жапырт ачкачылык кармап жатканы тууралуу маалымат жалган экенин 23-декабрда «Клоопко» тастыктап, абактар кадимкидей эле иштеп жатканын билдирди.
«ЖМК өкүлдөрүн, жарандарды, ошондой эле айыпталуучулардын жана тергөө абагындагылардын туугандарын расмий булактарга гана таянып, текшерилбеген маалыматтарды таратуудан карманууга чакырабыз»,
— дешти мекемеден.
Буга чейин бир катар басылмалар Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси алмашканына байланыштуу каршылык иретинде абактагылар ачкачылык жарыялаганын жазышкан.
24.kg басылмасы камактагылардын жакындарына таянып абакта жаткандардын айрымдары сабалганын, каршылык ошондон кийин башталганын жазган.
Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев 18-декабрда кызматынан кетип, минкабдын төрагасы анын ордуна Чыңгыз Кожошевди жетекчи кылып дайындаган.