Абактын алдына чогулгандарды тартып жаткан «Азаттыктын» журналисттерин милиция алып кетти

Image descriptionБишкектеги №1 тергөө абагынын алдына чогулган камактагылардын жакындарын тартып жаткан кабарчысы Максат Кутманбеков менен оператору Нурлан Бейшебаевди милиция кызматкерлери Бишкектин Октябрь ички иштер бөлүмүнө алып кетти. Маалыматты «Азаттык» басылмасы ырастады.

Маалыматка ылайык, журналисттер чогулган адамдардын биринен интервью алган. Милиция кызматкерлери тартылган видеону берүүнү талап кылып, андан соң аларды алып кеткен.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Чогулгандар Жаза аткаруу кызматынан абактардагы абал боюнча түшүндүрмө талап кылышууда. Он чакты тургун абактагы жакындары сабалганы тууралуу маалымат алышканын, алардын абалына тынчсызданып жатканын айтышты.