Nazar news сайтынын ээси Гүлжан Шерипбаева акталды

Image descriptionБишкектин Биринчи май райондук соту Nazar news басылмасынын ээси Гүлжан Шерипбаеваны актады.

Райондук соттон «Клоопко» Шерипбаеванын аракетинде кылмыш курамы жок деген негизде 23-декабрда акталганын малымдашты.

Анын жактоочусу Жаныш Бараков «Азаттыкка» сот отурумунда айыптоочу журналистти 200 миң сом айыпка жыгууну сунуштаганын, судья аны канааттандырбаганын айткан.

Шерипбаева былтыр ноябрда кармалган. Алгач ал «Массалык баш аламандыкка чакырык жасоого» шектелип жатканы айтылып, кийин «Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты  козутуу» беренеси боюнча айып тагылганы белгилүү болгон.