Жогорку Кеңеш 25-декабрда «коррупцияга каршы күрөшүү» тармагындагы айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоорду үчүнчү окууда бир добуштан колдоду.
Жыйында депутат Элвира Сурабалдиева УКМКнын өкүлдөрүнөн мамлекеттик кызматкерлер жана алардын үй-бүлөсү башка өлкөнүн жараны болуп же убактылуу жашоого уруксат ала алышабы деп сурады.
Алар мындай тыюу мамлекеттик кызматкерлерге гана тиешелүү деп жооп беришти. Эл өкүлү алардын үй-бүлөлөрүнө дагы тыюу салыш керек деп белгиледи.
Сурабалдиева атайын кызматты өкмөт мүчөлөрү менен алардын үй-бүлөсүн текшерип, алардын ушундай документи бар-жогун аныктоону суранды.
«УКМК биздин өлкөдөн акчанын кайда агып кетиши мүмкүн экенин да текшерет деп үмүттөнөм. Мурда эле текшерип көрүшүңор керек эле. Көп кишини жоопко тартыш керек болот деп ойлойм»,
— деди ал.
Мыйзам долбоорун иштеп чыккан УКМК коррупциялык беренелер менен соттолгондор үчүн жазадан айып төлөп кутулуу мүмкүндүгүн жоюуну, ошондой эле күнөөнү мойнуна алып, келтирилген зыянды төлөп берген күндө да мыйзамда каралган «максималдуу жаза мөөнөтүнүн жарымынан кем эмес убакыт түрмөгө камоону» сунуштаган.
Атайын кызмат мындан тышкары коррупция беренелери боюнча күнөөлүү деп табылгандардын бардыгына өмүр бою мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштөөгө, ошондой эле келишимдик негизде аскердик кызматка кирүүгө тыюу салууну көздөп жатат.
Ушундай эле тыюулар коррупция боюнча оор же өтө оор кылмыштар үчүн күнөөлүү деп табылгандардын жакын туугандарына да тиешелүү болот. Алар сот аткаруучу болуп же укук коргоо органдарында да иштей алышпайт.
Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жемкорлор 31-декабрга чейин «жазадан айып төлөп кутулса болорун, кийинки жылдан баштап абакка камала баштай турганын эскерткен.