Бул тууралуу 27-декабрда УКМКнын басам сөз кызматы кабарлады.
Бул иш маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо жана мыйзамсыз кирешелерди адалдоо боюнча тергөө иштеринин алкагында аткарылганы айтылды.
Жалпы аянты 4679 чарчы метрди түзгөн эс алуу борбору Кыргызстандын Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине кайтарымсыз негизде өткөрүлүп берилди.
«Учурда УКМК кылмыштуу жол менен табылган мүлктөрдү, анын ичинде уюшкан кылмыштуулуктун өкүлдөрүн аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда»,
— дешти мекемеден.
Көлбаев өткөн жылдын 4-октябрында атайын операция учурунда УКМК тарабынан өлтүрүлгөн. Кийин анын 1 миллиард долларга бааланган активи камакка алынганы айтылган. Арасында хансарайлар, батирлер, эс алуу борборлору, аңчылык кылуучу жерлер бар.