Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу салына баштады

Image descriptionЖалал-Абад шаарында 27-декабрда үч өлкөнү бириктирген темир жолду салуу ишин баштоо аземи өткөрүлдү. Ага президент Садыр Жапаров катышышты.

Иш-чарада чет элдик өкүлдөргө сөз берилип, президент долбоор Борбор Азиянын өнүгүшүнө чоң салым кошорун белгиледи.

Темир жолду салуу үчүн Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын «Кыргыз темир жолу» жана Өзбекстандын «Узбекистон темир йуллари» ишканалары биргелешип жаңы ишкана түздү. Кытай аталган ишкананын 51% үлүшүнө ээ болот, ал эми Кыргызстан менен Өзбекстанга 24,5%дан үлүш алат.

Долбоордун жалпы наркы 4,7 миллиард доллар деп көрсөтүлгөн, анын 2,3 миллиард долларын Кытай насыя катары берет. Кыргыз өкмөтү болсо темир жолдун курулушуна 11 миллиард сом бөлөт.

Темир жолдун жалпы узундугу 480 чакырымды түзөт, анын 311 чакырымы Кыргызстандан өтөт. Темир жол жүк жана жүргүнчү ташыйт.

Алгач темир жолду салуу иши былтыр июлда, кийин быйыл ноябрда башталат деп мерчемделип келген.