Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жол кырсыгы 31-декабрда Орусиянын Оренбург облусунун Бузулук районундагы Алдаркино айылынын жанында болгон.
Алдын ала маалыматтарга караганда, Chevrolet Cruze үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып, автовоз менен кагылышкан. Окуя боюнча териштирүү башталды.
“Орусиянын компетенттүү органдарынан алынган маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен Кыргыз Республикасынын 4 жараны каза болгон. Алар: 1976-жылы туулган Р.Н., 1982-жылы туулган Б.Т., 1986-жылы туулган Д.А., 1990-жылы туулган С.Н. 1 жашы жете элек бала денесинен жаракат алган жана Бузулук шаарынын ооруканасына жеткирилген", –
деп билдиришти мекемеден.
ТИМ Кыргызстандын элчилигинин дипломаттары орусиялык укук коргоо органдары жана медкызматкерлери менен байланышып, окуянын бардык жагдайларын тактап жатканын билдирди.