Баткенде снаряддын жарылуусунан жаракат алган аялга операция жасалат

5-январда Лейлек районунун Арка-2 айылындагы үйүнүн короосунда снаряд жарылганда жаракат алган аялга операция жасалат. Бул тууралуу «Клоопко» Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, учурда интенсивдик терапия бөлүмүндө дарыланып жаткан аялдын абалы туруктуу оор деп бааланууда.

Анын 12 жаштагы кызы Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында дарыланууда. Дарыгерлер анын абалын орто оор деп баалап жатышат.

5-январда Баткендин Лейлек районуна караштуу Арка-2 айылындагы үйлөрдүн биринде снаряд жарылган. Үйдүн кожойкеси снарядды короосун жыйнап жатып, үйүлгөн эски темирлердин арасынан таап алган. Жарылуудан анын 12 жаштагы кызы да жаракат алган.

Эртеси саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жаракат алгандарды Ош облустар аралык клиникалык ооруканасына которууну тапшырган.

Чек ара кызматы Кыргызстандын укук коргоо органдары окуя тууралуу тажик тарапка маалымат беришкенин билдирген. Окуя болгон жерде адистер кырсыктын жагдайларын аныктоо иштерин жүргүзүүдө.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, жабырлануучулардын үйү 2022-жылдагы аткылоолор учурунда өрттөнүп кеткен.