Биринчи май райондук соту 2-декабрда Бишкек шаарынын прокурорунун мурдагы орун басары Эдилбек Ыдырыс уулуна 1 млн. 800 миң сом өлчөмүндө айып салганы белгилүү болду.
Ал «Жооптуу кызматтагы адамдан пара талап кылуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган.
Сот бул иштин дагы бир фигуранты, шаардык прокуратуранын жалпы көзөмөл бөлүмүнүн башчысынын орун басары Абдырашид Жаманкеевдин үй камагындагы мөөнөтүн 21-январга чейин узарткан. Мындай өтүнүчтү УКМКнын улук тергөөчүсү келтирген.
18-октябрда атайын кызматтын өкүлдөрү Бишкек прокуратурасынын имаратында тинтүү жүргүзүп, Эдилбек Ыдырыс уулу менен Абдырашид Жаманкеевди кармап кетишкен.
Алар Бишкектин вице-мэри Рамиз Алиев «Тазалык» муниципалдык ишканасын башкарып турганда андан $5 миң пара талап кылган деп айыпталган. Тергөөнүн версиясына ылайык, бул үчүн прокуратура кызматкерлери ишкананы текшерүүнү токтотууну убадалашкан.