ИИМдин жетекчисинин орун басарынын айдоочусу менен тергөөчү УКМКга сурак берди

Image descriptionИчки иштер министринин орун басарынын айдоочусу жана ИИМдин тергөөчүсү УКМКга күбө катары сурак берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ айдоочу менен тергөөчү пара талап кылууга шектелип кармалганы тууралуу ЖМКда маалымат тараган.

«Кактус медиа» басылмасы укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып, айдоочу тергөөдөгү ишти чечип берүү үчүн алган сегиз миң доллардын, беш миңин кайтарып жатканда кармалганын жазган.

Ал эми кармалган тергөөчү айдоочу акчаны жетекчиликтин көрсөтмөсү боюнча берип жүргөнүн айтканы белгиленген.

ИИМ бул маалыматты төгүндөп, кызматкерлер күбө катары сурак бергенин билдирди. Бирок, алардын так кайсы иш боюнча сурак беришкенин ачыктаган жок.