Президент Садыр Жапаров «Автотранспорт каражаттарын мыйзамдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, Минкаб эки айдын ичинде чет өлкөлүк номурлуу унааларды каттоо жол-жобосун иштеп чыгып, жарым жылдын ичинде аларды мыйзамдаштыруунун тартибин бекитиши керек.
Унаа каражаттарын мыйзамдаштыруу үч баскычта жүрөт:
- укук белгилөөчү документтери бар унаа каражаттарын мыйзамдаштыруу;
- укук белгилөөчү документтери жок, талаптагыдай техникалык абалдагы унаа каражаттарын мыйзамдаштыруу;
- укук белгилөөчү документтери жок транспорт каражаттарынын ээлерине ээликтен ажыратууга мүмкүндүк берүү (тетик катары сатуу, өлкөдөн ташып чыгуу, утилдештирүү ж.б.).
2024-жылы октябрда ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев унааларды Кыргызстанга тетик катары алып келип, кийин кураштырган учурлар көбөйгөнүн билдирген.
Декабрдын башында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев атайын кызмат өлкөгө армян жана абхаз номурлуу унааларды ташып келүүгө байланышкан ири коррупциялык схема боюнча тергөө жүрүп жатканын айткан.
УКМКнын маалыматына ылайык, Кыргызстанда Армениядан жана Абхазиядан алып келинген жалпысынан 15 миңге жакын унаа болсо, алардын 90% оң рулдуу.
Декабрь айында аймактардагы айдоочулар чет өлкөлүк номурлуу унаалар жапырт текшерилип, айып жайына киргизилип жатканын билдиришкен. Алар насыялары бар экенин, унаасыз үй-бүлөлөрүн бага албай калышарына даттанышкан.